14:01, 25 апрель 2024 Бш

Кинорежиссёр Геннадий Базаров көз жумду

Кинорежиссёр Геннадий Базаров көз жумду — Today.kg

Узакка созулган оорудан кийин, 81 жаш курагында кинорежиссёр, сценарист, кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер Геннадий Базаров көз жумду. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыкташты.

Геннадий Базаров Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктап, эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган.

Өткөн кылымдын алтымышынчы, жетимишинчи жылдары советтик кинематографияда «Кыргыз керемети» деп аталган кинофеномендин жаратуучуларынын бири.

1967-жылы 24 жаштагы Базаров залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун «Саманчынын жолу» повестин дипломдук иши катары тасмага түшүргөн. Ал эми 1968-жылы тасма Орто Азия жана Казакстанда өткөн кинофестивалда атайын дипломго ээ болгон. Фильмде Толгонайдын образын жараткан Кыргыз ССРнин Эл артисти Бакен Кыдыкеева СССРдин Эл артисти наамын алган.

Жетимишинчи жылдары режиссёр кыргыз кино искусствосунун корифейлерин бир тасмага бириктирген атактуу «Көчө» фильмин тарткан. Фильмдин сценарийин Мурза Гапаров жазган, ал эми тасмада Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Нуртай Борбиев тартылган.

Базаров алгачкылардан болуп автордук тасмаларды тарта баштаган Режиссёрдун «Буктурма», «Биринчи», «Көз кареги», «Айың», «Антракт», «Түндө», «Кара кыз», «Метамарфоза» сыяктуу тасмалары белгилүү.

2003-жылы режиссёрдун «Каракыз» тасмасы «Мосфильм» концернинин Ялтада өткөн Эл аралык кинофестивалында Гран-прини утуп алган.

Кыргыз ССрнин Эмгек сиңирген искусство ишмери, СССРдин кинематографиянын отличниги. Режиссёр II жана III даражадагы «Манас» орденинин ээси. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» Улуттук сыйлыгы тапшырылган.

Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты 7-февраль күнү Бишкекте өтмөкчү. 

up