04:54, 20 апрель 2024 Иш

Атыр Абдрахматова педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу – кыйноо болуп эсептелерин айтты

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова хирургиялык жол менен бычуу – кыйноо болуп эсептелерин радиосуна маек берип жатып айтты.

Буга чейин депутат Улан Бакасов Кыргызстанда педофилдерге хирургиялык бычууну киргизүүнү сунуштап, ал мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

«Конституцияга ылайык, өлүм жазасы Кыргыз Республикасында адамгерчиликсиз, ырайымсыз мамиле жана адамдын жашоосуна мамлекеттин кийлигишүүсү катары тыюу салынган. Ал эми хирургиялык кастрация кыйноо болуп саналат», – деди акыйкатчы.

Абдрахматованын айтымында, балдарды зордуктады деп шектелгендердин ишин карап жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен соттордун жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

«Мен укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлеринин жана соттордун жоопкерчилигин күчөтүүнү жактайм. Укук коргоо органдары ыкчам түрдө далилдерди чогултканды, прокуратура өз убагында көзөмөл кылганды, ал эми сот адилет чечим чыгарып, күнөөлүүлөрдү жазалаганды үйрөнүшү керек. Ушундай шартта биз кастрацияны киргизүүгө караганда жакшы натыйжаларга жетишебиз», – деди Абдрахматова.

Омбудсмен балдарга көрсөтүлгөн зомбулук үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу чараларын колдой турганын, бирок хирургия жолу менен бычуу көйгөйдөн чыгуунун жолу эмес экенин кошумчалады.

up