14:54, 20 апрель 2024 Иш

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин кармалды

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин 30-январда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай районунда апасы сабаган кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылганын кабарлаган.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген.

Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюк телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, ыркы кеткен үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүп жатышат.

up