13:10, 29 март 2024 Жм

Орозайым Нарматова үй камагына чыгарылды

Орозайым Нарматова үй камагына чыгарылды — Today.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты камактагы Орозайым Нарматова саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Соттун 30-январдагы чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 20-февралга чейин үй камагына чыгарылды. Маалыматтарга караганда, Орозайым Нарматова учурда ооруканада.

Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.

Бишкек шаардык сотунда былтыр 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз каралып жатканда Орозайым Нарматова өзүн жаман сезип, отурган жеринде эсин жоготуп, жыгылган. Тез жардам келип, аны сот залынан алып чыгышкан.

up