06:03, 25 апрель 2024 Бш

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

Президенттин администрациясы памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алай районуна 400 үй курула турганын билдирди. Бул тууралуу 25-январда администрациянын Фейсбук баракчасына жазылды.

Анда курулуш иштери быйыл май айында башталары, бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл нерселер менен камсыздалары жазылган.

"Өлкө жетекчилиги Ооганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатат. Бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Памирдеги этникалык кыргыздар документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектегенине байланыштуу Кыргызстандын бийлигине кайрылып, аларды Ооганстандан тез арада алып кетүүнү суранышкан. Кийин Памирде сасык тумоо күч алып, каза болгондор жыйырмадан ашканын буга чейин ал жактан көчүп келген кыргыздар айтып чыгышкан.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында бул тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев иш алып барып жатканын билдирген.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.

2017-жылы Нарынга келген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан.  

 

up