22:54, 19 апрель 2024 Жм

Борбор калаада көмүрдүн сапаты текшерилүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлиги Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча рейддик иш-чараларды ѳткѳрүүнү улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ, 24-январда мамлекеттик инспекторлор тарабынан ЖЭБде жана башка кѳмүр сатуучу жайларда Бишкек шаарына ташылып келген кѳмүрдүн радиациялык фонун ѳлчѳѳ жана сапатын аныктоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндѳ Жаратылыш министрлигинин айлана-чѳйрѳгѳ мониторинг департаментинин инспекторлору тарабынан тиешелүү изилдѳѳлѳр үчүн кѳмүрдүн үлгүлѳрү алынды.

Белгиленгендей, жыйынтыгы бир жумадан кийин чыгарылат.

Ал эми экологиялык техникалык кѳзѳмѳл кызматынын адиси кѳмүрдүн радиациялык кѳрсѳткүчүн текшерип, тиешелүү нормадан бир топ тѳмѳн экенин аныктады.

up