14:31, 29 март 2024 Жм

Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Бул 26-27-январь күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келерине байланыштуу экенин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу министрлик жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

up