10:47, 25 апрель 2024 Бш

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолукту

Бүгүн, 24-январда Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарын даярдоону талкуулашты.

Мындан тышкары, кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолуп, үстүбүздөгү жылга карата иш пландары боюнча пикир алмашышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен 26-январда келери буга чейин белгилүү болгон.

up