16:43, 29 март 2024 Жм

Кыргызстанда 1-февралдан тарта патент менен иштөө системасы өзгөрөт

2023-жылдын 1-февралынан тартып патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылып, 86 түрүнөн турган тизме 37ге чейин түштү. Анын ичинде жеке ишкердиктин 56 түрү 34кө чейин кыскарууда. Ал эми жеке эмгек ишмердиги, тескерисинче, иштин үч түрү менен толукталып, 30дан 33кө чейин көбөйдү.

Бул тууралуу Жанар Жусубалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Кыргызстанда 1-февралдан тарта патент менен иштөө системасы өзгөрөтАнын айтымында, 2023-жылдын 1-январынан тартып патент милдеттүү түрдө электрондук түрдө жүргүзүлүүдө.

"Жеке ишкердик боюнча иштин убактылуу түйүндөрдү колдонуу менен эсептөө жана көбөйтүү техникаларын тейлөө кызматтары, үлпөт салондорунун, караоке кызматтары, базарларда лото оюндары, эт жана канаттуулардын этинен (шашлык, гриль) даяр тамактарды жасоо жана сатуу, нан бышыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр түрлөрү алып салынды. Жер үстүндөгү транспорт иши, үн жазуу жана видео тартуу кызматтары, сүрөтчүлөрдүн иши, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу, салтанаттарды (музыканттар, тамада, бий жана актердук топтор жана башка сахналык спектаклдер) тейлөө кызматтары ишкердиктен эмгек ишмердигине которулду. Жаңы иштин түрлөрү менен автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо кызматтары, үч орундуу отургучту пайдалануу менен жеке стоматология кызматтары жана сауна кызматтары толукталды. Мындан тышкары, ишкердиктин 16 түрү бир пунктуга бириктирилип, беш түрү жаңы аталышка өзгөртүлдү. Ошондой эле өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү боюнча эсептер өзгөрдү. Алсак, патенттин баасы бир чарчы метр үчүн аныкталат. Ал эми мурда бөлмөнүн санына жараша эсептелчү. Жеке ишкердик деп эсептелген кинология, жалпы курулуш иштери, электр монтаждоо иштери, санитардык-техникалык иштер жана уюлдук байланышка бирдик жүктөө боюнча кызматтар жокко чыгарылды. Тизме жеке эмгек ишмердигинин жаңы түрлөрү менен толукталды. I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоочу укалоо кызматы, үйдөн иштеген тигүүчүлөрдүн, визажисттердин, чачтарачтардын, маникюр жана педикюр боюнча адистердин, үйдөгү 100 чарчы метрге чейинки аянттагы жеке мончо кызматтары, унаа кызматы, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери кошулду. Жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөн жактар жалданма кызматкерлерди ишке тартууга укугу жок. Мамлекеттик салык кызматы патенттин базалык суммасынын негизинде Бишкек шаары жана райондор боюнча иштин түрлөрүнө карата патенттин суммасын бекитти. Иши патенттин негизинде кыскартууга дуушар болгон салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн башка режимин тандашы керек. Салыктарды бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) негизинде же жалпы салык режиминде төлөөгө болот", — деди Жусубалиев.

Ал, мындан тышкары, патенттин негизиндеги салыктын төлөм коду (11122300 кодунун ордуна 11122200) өзгөртүлгөнүн кошумчалады.

Булак: Sputnik

up