03:17, 24 апрель 2024 Шр

Өзгөндө 75 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 75 орундуу «Саадат Эне» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланды.

up