03:52, 17 апрель 2024 Шр

Сүрөт: Кыргызстандык сиам эгиздерди өзбекстандык дарыгерлер ийгиликтүү ажыратты

Кыргызстандык сиам эгиздерин өзбекстандык дарыгерлер ийгиликтүү ажыратышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматта Өзбекстанда медицина тарыхында биринчи жолу дарыгерлер операциянын жардамы менен сиам эгиздерин ийгиликтүү ажыратышты деп айтылат.

2022-жылдын 31-майында төрөлгөн ымыркайлар сиам эгиздери жана аларда мындай өзгөчө абал кош бойлуулуктун 28-жумасында аныкталып, аял Ош шаарынан борбор калаа Бишкекке жөнөтүлгөн. 29-жумада төрөт операция жолу (кесарево) менен жасалган. Ымыркайлардын жалпы салмагы 1600 граммды түзгөнү жана аларга Фотима жана Зухра деген ысым ыйгарылганы айтылат маалыматта.

Ал эми операцияны башынан аягына чейин өзбек дарыгерлери жасап, ага чейин бир нече ай бою изилдеп, эл аралык деңгээлде жасалган операциялардын видеоматериалдарын талдап чыгышкан.

 Учурда адистер балдардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

 “Кыздар тез арада айыгып кетет деген үмүт бар. Мындай жыйынтыкка жетүү үчүн биргелешип иштеген хирургдар жана профессионалдык деңгээлде иш алып барган чоң команда чоң роль ойноду”,- дейт дарыгер.

Ошондой эле, маалыматта сиам эгиздерин бөлүү операциясына катышкан дарыгерлерди Саламаттыкты сактоо министри Амрилло Иноятов “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгилери менен сыйлаганы белгилүу болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын аскердик госпиталында биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалганы маалымдалган.

up