16:14, 25 апрель 2024 Бш

Бадахшанда 90дой этникалык кыргыз паспорт ала албай жатканы айтылды

Памирдеги этникалык кыргыздар документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектөөсүнө байланыштуу Кыргызстандын бийлигине кайрылып, аларды Ооганстандан тез арада алып кетүүнү суранышууда.

Маалыматтар боюнча ушу тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда 88 этникалык кыргыз паспорт ала албай батирде жашап жатат. Өзүн Мухаммед Абдулжапар уулу деп тааныштырган адам каражатсыз, ижара акысынан кыйналып жатканын, катуу сууктан улам үч кызынын бирөө каза болуп калганын айтты.

"Мал-мүлкүбүздү, оокат-жайыбызды сатып келгенбиз. Кайра Памирге кайтып барып жашай албайбыз. Биз эми ушул жакта тууган-уругубуз, кыргыздар бизди эстеп алар деп күтүп жатабыз. Бул менин аялым болот, анын жанындагы кичине кызым. Дагы бир кызым жакында эле сууктан каза болуп калды бечара. Тууган-уругубуз издеп, алып кетер бекен деген үмүттө жашап жатабыз", - деди Абдулжапар уулу.

Буга чейин Ишкашимде кыйналып жаткан этникалык кыргыздардын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Чолпон Султанбекова Памирдеги кыргыздар документ ала албай, Ооганстандын Ишкашим районунда бир нече айдан бери батирде жашап жатканы тууралуу маалыматты ырастады. Анын айтымында, аларга жардам берүү үчүн Тышкы иштер министрлигине тапшырма берилген. Эл өкүлү Ооганстанда паспорттун бланкттары жок деген негизде документ берилбей жатканын кошумчалады.

Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздар арасында оору күчөп, өлүм көп катталганы тууралуу маалыматты бир нече булактан такташтырып жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирген. Министр Кыргызстандын Ооганстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев бул багытта иштеп жатканын жана ошол маалыматты тараткан адам менен бир нече жолугушуу болгонун айткан.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.

2017-жылы Нарынга келген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан.  

 

up