12:37, 29 март 2024 Жм

Кыргызстандын мектептеринде канча агай иштейт. Акциядан кийинки сан

Кыргызстанда мугалим эжейлерге караганда агайлар азыраак, эгерде сандар менен алсак, жалпы көрсөткүчтүн 15,3 пайызын түзөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, аталган ведомство "Мектеп агайларга муктаж" аттуу акция жарыялап, эркек мугалимдерди тартуу жана мектептер агайлардын үнүнө муктаж экенин билдирүү максатын көздөгөн.Министрликтин маалыматына таянсак, республиканын мектептеринде иштеген эркек кишилер — 23 751, бул жалпы кызматкерлердин 19,3 пайызын түзөт. 8 893 киши билим берүү жайларында балдарды окутпаган башка иштерде эмгектенишет.

Облустар боюнча көрсөткүч:
Баткендеги мектептерде иштеген эркек кишилер — 2 911 (жалпы кызматкерлердин 22,3 пайызы);
Ош облусу — 5 642 (20,5 пайыз );
Жалал-Абад облусу — 4 723 (19,3 пайыз);
Чүй облусу — 3 081 (17,7 пайыз);
Нарын облусу — 1 931 (24,4 пайыз);
Ысык-Көл облусу — 1 890 (19 пайыз);
Талас облусу — 1 151 (19,7 пайыз);
Бишкек — 1 621 (13,8 пайыз);
Ош шаары — 1 913 (20,6 пайыз).

 

up