04:59, 25 апрель 2024 Бш

«Бишкек» эркин экономикалык аймагын экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектейт

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Бишкек ЭЭАнын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Кеңешчиси Ильяс Ташбаев «Клоопко» мындай чечим Тайчабаровдун саламаттыгына байланыштуу кабыл алынганын айтып берген.

«Ден соолугуна байланыштуу арыз жазды. Тайчабаров быйыл эки жолу дарыланды», — деген Ташбаев.

Ошол кезде ЖМКлар ЭЭАнын жаңы директору болуп мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов дайындалышы мүмкүн деп жазышкан болчу.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов 2015-жылы «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келип, 2017-жылдан тарта фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган параламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясын жетектеп барган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Шыкмаматов президенттик шайлоодо Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген.

Жапаров президент болгондон кийин Алмамбет Шыкмаматов февраль айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мекеме Инвестициялар министрлиги болуп өзгөргөн.

Ал эми Шыкмаматов 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган. Ал шайлоого «Ынтымак» партиясы менен катышкан.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346 гектар жер бөлүнгөн. Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иштейт.

up