11:36, 29 март 2024 Жм

Акылбек Жапаров: таза суунун тарифин көтөрүү керек

Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Быйыл таза сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар. Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат", — деген өкмөт башчы.

Ал ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоону сунуштады.

"Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. Ал эми Чүй облусунда бир куб суунун муниципалдык тарифи 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Пластик бөтөлкөдөгү жарым литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөбөйт", — деген Жапаров.

 

up