10:35, 24 апрель 2024 Шр

Жапаров: Кыргызстанда 40 тоннадан ашуун таза алтын бар

Кыргызстанда 40 тоннадан ашуун таза алтын бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында айтты.

Анын маалыматына караганда, тоо-кен тармагынан 48,3 млрд сом киреше кирди, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу эки жарым эседен ашык (2019-жылы 13 млрд сом).     

«2021-жылы «Кумтөрдөн» 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17,2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда Улуттук банктын маалыматы боюнча, азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда. Мындан ары ири кен-байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

«Кумтөр» алтын кенин башкаруу Кыргызстанга былтыр май айында өткөн.

up