19:40, 28 март 2024 Бш

Роналду менен Месси жолдоштук беттеш өткөрдү

Франциянын “ПСЖ” клубу Сауд Арабиянын “Аль-Наср” менен “Аль-Хиляль” клубдарынын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Беттеш, 19-январдан 20-январга караган түнү Сауд Арбиянын Эр-Рияд шаарында өтүп, беттеш 5:4 эсебинде “ПСЖнын” жеңиши менен аяктады.

Криштиану Роналду арабиялык клубдун капитаны катары ойноп, эки гол киргизсе, Лионель Месси оюндун башында, 3-мүнөттө бир гол киргизди.

Мындан тышкары, франциялык командадан Маркиньос, Серхио Рамос, Килиан Мбаппе жана Уго Экитике, ал эми аравиялык клубдан Жан Хен Су менен Андерсон Талиска өз командасына гол алып келди.

Роналду менен Месси акыркы жолу 2020-жылдын декабрь айындагы Чемпиондор лигасынын алкагында беттешкен.

Белгилей кетсек, Криштиану Роналду 2022-жылдын 30-декабрында «Аль Наср» клубуна өткөн. Анын клубдагы айлыгы жылына 200 миллион еврону түзөт, бул дүйнөдөгү бардык спортчулардын арасында рекорддук көрсөткүч.

up