12:17, 19 апрель 2024 Жм

Бишкектеги батыш автобекетинде ири өрт чыкты

Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылды.

Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша жабырланган бар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдары такталууда.

up