18:12, 29 март 2024 Жм

Былтыр «Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна канча сом бөлүнгөн?

Былтыр Кыргызстанда «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун 130,2 миң адам алган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы бул жөлөк пулду алуучулардын саны 12,9%га азайган.

2022-жылы «Балага сүйүнчүгө» бюджеттен 522,8 млн сом сарпталган.

«Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пулу бардык жаңы төрөлгөн балдарга 4000 сом өлчөмүндө төлөнүп берилет. Үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир бала үчүн 50 000 сомдон «сүйүнчү» төлөнөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары 2022-жылы пенсиялык камсыздоого укугу жок жарандарга социалдык жөлөк пул төлөөгө 7 957,1 млн сом которулган. Жалпысынан республика боюнча социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 38,9%га көбөйүп, 6328,1 сомду түздү.

Жөлөк пул алуучулардын саны өткөн жылы 6,2%га көбөйгөн жана 105,3 миң адамды түзгөн.

Ошондой эле мекемеден билдиришкендей, учурда ай сайын 6 000 сом өлчөмүндө жөлөк пулду ата-энеси белгисиз болгон 32 бала алат. Жыл ичинде аларды социалдык камсыздоого республикалык бюджеттен 1,7 млн сом бөлүнгөн.

up