17:38, 18 апрель 2024 Бш

TIKA № 3 кесиптик лицейде унаа оңдоочу жай жана кичи футбол аянтчасын ачты

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Бишкектеги №3 кесиптик техникалык лицейдин базасындагы унаа оңдоочу жайды оңдоп-түзөө жана заманбап жабдыктар менен жабдуу долбоорун, ошондой эле ачык типтеги кичи футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун колдоого алды.

Адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында №3-КТЛдин окуучулары үчүн унаа оңдоочу жайдын ремонту жасалып, заманбап эң керектүү жабдыктар алынды.

1942-жылы түптөлгөн окуу жайда бүгүнкү күндө болочок программалык инженерлер, машина куруучулар, энергетиктер, темир усталар, ширетүүчүлөр жана полиграфисттер окуп, практикалык билим алып жатышат.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу №3-КТЛдин директору Шайбек Билалов, долбоор аяктагандан кийин өз сөзүндө, «бүтүрүүчүлөр ишке орношуу боюнча кабатыр болбойт. Себеби биздин окуу жайда сабактардын 70 пайызы практикалык, ал эми 30 пайызы теориялык негизде өтөт», – деп айтты.

«ТИКА биздин лицейде эки маанилүү долбоорду ишке ашырды: биринчиси –  кичи футбол аянтчасын капиталдык ремонттон өткөрдү жана экинчиси – унаа оңдоочу жайды ремонттон өткөрүп, керектүү жабдыктар менен камсыздады. Унаа оңдоочу жайда унаа ачкычтарын программалоо жана аккумуляторлорду электроникалык тестирлөө жабдыктары да бар. Бул колдоо үчүн биз абдан ыраазыбыз.» – деп белгиледи директор Билалов.

up