15:40, 23 апрель 2024 Шш

Бакиевдин жубайынын сөөгүн алып келген учакты бийлик кондурбай койгонбу? Расмий жооп

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев качкын президент Бакиевдин жубайынын сөөгүн алып келген учакты бийлик кондурбай койду деген маалыматты четке какты.

“Социалдык тармакта Минскиден Назгүл Төлөмүшеванын сөөгүн алып келген учакты бийлик Бишкекке кондурбай койду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учак 17-январда Бишкекке конуп, жакындары аны кичи мекенине алып кеткен”, — деди Султанбаев.

Ошондой эле ал жалган маалымат тараткандар үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганын эске салып, “коомчулукту такталбаган маалыматтарды жайылтпоого” чакырды.

Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева жүрөк кемтигинен улам Минск шаарында каза болгон. Кечээ анын сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, 18-январда өзү туулуп өскөн Казарман айылындагы ата-энесинин үйүнөн жерге берилери айтылган.

 

 

up