13:02, 29 март 2024 Жм

Шинжаңдыктардын туугандары Кытайдын Астанадагы элчилигинин алдына чыгышты

Шинжаңда туугандары түрмөдө отурган этностук казактар Кытайдын Астанадагы элчилигинин алдына чыгышты. Алардын арасында активисттер Байболот Күнболот уулу жана Акикат Калиолла да бар.

«Жакындарыбызды тапсак деп келдик. Канчадан бери элчилик бизди бир келесоолордой көрөт. Биздин жакындарыбыз кайда экенин айтышсын. Менин энем, эки бир тууганым кайда? Токтоосуз жооп берсин! Элчи, чык!» - деп кыйкырды Акикат Калиолла.

Ал ошондой эле Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдына акция башталгандан бери 700 күн өткөнүн да белгиледи.

Элчиликтин айланасында полиция топтолуп, эки «Газел» жана автобус токтоп турганы байкалды.

Акцияга чыккандар элчиликтин эшигин каккылаганы менен ичкериден эч ким чыккан жок. Алматыдан келгендер «элчиликтен жооп болбосо түнү менен калышарын» эскертишти.

Чогулгандар полиция кызматкерлерине «Кытайдын таламын талашып, жакындарын издеп келгендерди кармабагыла» деп кайрылышты.

Астананын Алматы райондук акимиатынын өкүлү чогулгандарга «Кытай элчилиги аларды кабыл алууга милдеттүү эмес» экенин эскертип, Тышкы иштер министрлигине барууга кеңеш берди.

Шинжаңдагы туугандарын издеген этностук казактар 2021-жылдын февралынан бери Кытай элчилигинин алдында мөөнөтсүз акцияларды өткөрүп келатат. Соңку айларда полиция аларга элчиликтин дарбазасына жакын келүүгө тыюу салган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.  

up