16:35, 28 март 2024 Бш

Казакстанда журналисттин унаасын өрттөөгө беш өспүрүм шектелүүдө

Алматы полициясы журналист Динара Егеубаеванын унаасын өрттөдү жана Elmedia редакциясынын терезесин сындырды деген шек менен беш өспүрүм кармалганын кабарлады. Кармалгандар 15, 16 жана 17 жашта.

“Алардын көрсөтмөлөрүнө караганда, эки буюртманы тең интернет аркылуу белгисиз бирөөдөн алышкан. Буюртма берүүчү акысын да дал ошол интернет аркылуу төлөгөн” деп жазылган полициянын жекшембидеги билдирүүсүндө.

14-январга караган түнү автоунаасы өрттөлгөнүн Динара Егеубаева өзү кабарлаган. Белгисиз кишилер унаанын салонуна кирпич ыргытышкан жана өрттөшкөн. Журналист бул окуяны өмүрүнө кол салуу аракети катары баалган.

Үч апта мурун Егеубаева бир нече активист менен бирге “Алтыншы Каңтар” (“Алтынчы январь”) блогун түзүп, мажилиске мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга даяр экенин кабарлаган.

Егеубаева көз карандысыз журналист катары белгилүү. Ал социалдык тармактарда январь окуялары жөнүндө эфир даярдап, кыйноого кабылгандардан интервью алып, эксперттер менен маектешет. Ал Орусиянын Украинадагы агрессиясын сындаган берүүлөрдү да обого алып чыгат.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндиги оор мамлекеттердин катарына кошкон. Республика “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинде 122-орунда турат.

up