21:02, 23 апрель 2024 Шш

Днепрде Орусиянын ракеталык чабуулунан каза болгондор 30га жетти

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 30га жеткенин 16-январда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийген.

Жараат алгандардын саны 75 адам, алардын 30у ооруканада жатат, дагы 40 адам дайынсыз болууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокуу максатына жеткенин билдирүүдө.

 

up