15:02, 23 апрель 2024 Шш

Путин мобилизациянын жаңы толкунун жарыялашы мүмкүн

Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизациянын жаңы толкунун жарыялоого даярданып жатат, анын жүрүшүндө 500 миңге чейин адам чакырылышы мүмкүн. Бул туралуу Украинанын «Страна.uа» маалымат агенттиги жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, чечим бир нече жуманын ичинде кабыл алынат.

Аскерге чакырылгандар согушка апрель айында жөнөтүлүп, ири чабуулга өтүшү мүмкүн.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация өткөн жылы 21-сентябрдан 31-октябрга чейин болгон. Анда 318 миң адам аскерге чакырылганы айтылган.

up