02:59, 29 март 2024 Жм

Үй-бүлөнүн эки мүчөсү үй шартында жасалган консервага ууланып каза болду

Согд облусунун Жаббор Расулов районунда бир үй-бүлөнүн эки мүчөсү үй шартында жасалган консервага ууланды. Үй-бүлөнүн дагы алты мүчөсү дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Маалыматка караганда, 23-ноябрда 58 жаштагы Умриниссо Каримова менен анын 30 жаштагы кызы Мухаррам Каримова каза болгон.

“Жайында алар ар түрдүү жашылчадан 30 банка салат даярдашкан. Мурда алар бир нече банканы ачышкан, баары жайында болгон. Бирок помидор, баклажан жана болгар калемпирлүү салатты ачкандан кийин ууланышкан”, – деди маркумдардын жакын тууганы Равшанбек Зарифов.

Анын айтымында, банканы алар 11-ноябрда ачышкан. Кийинки күнү Каримовдордун үй-бүлөсүнүн сегиз мүчөсү ооруканага жеткирилген. Экөөнү сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Тажикстанда мурда да үй шартында жасалган консервалар адам өлүмүнө алып келген учурлар болгон. Былтыр Хатлон облусунда 18 киши ууланып, алардын төртөө кайтыш болгон. Анда жергиликтүү тургун туугандарын аш басып чакырган.

up