06:57, 20 апрель 2024 Иш

Тышкы иштер министринин орун басары дайындалды

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Алмаз Имангазиев Түркмөнстанга элчи болуп дайындалган Азизбек Мадмаровдун ордуна дайындалган. Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси кызматын жетектеп келген.

up