21:43, 18 апрель 2024 Бш

Бишкекте интеллектуалдык, инновациялык ресурстар боюнча көргөзмө өтөт

Борбор калаада "Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен маалымдады.Иш-чара 29-30-ноябрда болот."Көргөзмөнүн максаты — Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарын көрсөтүү, жаңы технологияларды жана жабдууларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөө, жаңы бизнес-байланыштарды жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү", — дешти мекемеден.

Көргөзмөнүн негизги тармактары:айыл чарба;энергияны үнөмдөө, биринчи жана экинчи энергия булактары;батареялар, күйүүчү май клеткалары, күн батареялары, биологиялык отун;медицина, санитария, профилактика, сергек жашоо образы, медициналык технология;тоо-кен;жеңил өнөр жай;экология, айлана-чөйрөнү сактоо, таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү, сууну тазалоо, суу менен камсыздоо, ирригация;жол, көпүрө, курулуш, техникалык жактан тейлөө жана оңдоп-түзөө технологиялары, жаңы материалдар, жабдуулар;роботтук техника, өнөр жай жана үй роботтору, автороботтор, сенсорлор;маалымат жана IT-технологиялар;билим берүүдөгү инновациялар;чыгармачылыктагы жетишкендиктер.Мекемеден көргөзмөгө жеке жана юридикалык жактар катыша аларын кошумчалашты.

 

up