19:27, 28 март 2024 Бш

Психолог жаш өтүп бара жатканда балалуу болуунун артыкчылыктарын санап берди

Психолог жаш өтүп бара жатканда балалуу болуунун артыкчылыктарын санап берди — Today.kg

35-40 жаштан кийин балалуу болуунун артыкчылыктуу жактарын "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде психолог Светлана Рассмехина айтып берди."Дене бой, организм мүмкүнчүлүктөрүн алганда, албетте, 20-30 жаштын ортосунда балалуу болуп алган жакшы. Бирок азыр жашоо-шарт өзгөрүп, кишилер өз ден соолугуна олуттуу мамиле кыла баштады. Мунун аркасы менен жашоо узактыгы өзгөрдү. Андыктан ден соолук жакшы болсо 40тан өтүп деле төрөй берсе болот", — деди Рассмехина.Андан соң ал жашы өтүп бара жатканда эне болуунун жакшы жактарын тизмектеп берди.

Аялга дем берет

Кош бойлуулук, төрөт, ымыркай багуу энеге өзүн жашыраак сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын үстүнө аял ымыркайлар тууралуу башка энелер (адатта өзүнөн жашыраак аялдар) менен пикир алышып, айрымдары менен курбу болуп калат.

Эч нерседен коркпойт

Жыйырмасында төрөгөндөрдүн бир тобунда материалдык маселелерге байланыштуу коркунучтар көп болот. Анткени көпчүлүгүнүн түзүп койгон карьерасы, туруктуу жумушу, сактап койгон акчасы болбойт. Анысы аз келгенсип айрымдарда "күйөөм таштап кетсе баланы жалгыз кантип багам" деген коркунуч болот. Ал эми 40 жаштын тегерегиндеги аялдар оокатын белендеп алууга жетишет.

Ата-эненин жоопкерчилиги

Бул куракта адам капысынан эле балалуу болуп калбайт. Адатта жубайлар баланы пландап, анын төрөлүшүнө камданышат. Дегеним, үй-бүлөдө жаңы кишинин пайда болушу менен эмне өзгөрөрүн жакшы түшүнүшөт. Андан тышкары, 40 жаштын тегерегиндеги ата-эне жаштарга салыштырмалуу балага көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылат.

up