08:16, 19 апрель 2024 Жм

Катар-2022: Месси: «Биз баары ушундай башталат деп күткөн эмеспиз»

Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын капитаны Лионел Месси, Сауд Арабиясына каршы беттеште команданын жеңилип калгандыгы боюнча пикирин билдирди.

«Шылтоо жок. Алардын командасы күчтүү жана алар муну көрсөттү. Бул биздин көптөн берки боло элек оор абалыбыз. Бул бардыгы үчүн абдан оор сокку. Биз баары ушинтип башталат деп күткөн эмеспиз», — деди ал.

Мындан тышкары, эми анын курама командасы мурдагыдан дагы ынтымактуу болоорун кошумчалады.

22-ноябрда Аргентинанын курама командасы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабиясына 1:2 эсебинде утулуп калган. Команда үчүн бул 1990-жылдан бери Дүйнөлүк чемпионаттын баштапкы жолугушуусунда биринчи жеңилүү.

Катарда дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталып, 18-декабрга чейин уланат.

up