17:27, 28 март 2024 Бш

Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алынды

Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус алынды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбук баракчасына жарыялады.

Автобустар Айыл банк тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган жана шаар калкын тейлөөгө чыгат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргендей, Дүйнөлүк банк тарабынан Баткен облусуна 50 млн доллар каражаты бөлүнгөн. Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү каралган.

Анын ичинде Баткен шаарындагы «Манас» комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк дагы оңдолот.

up