09:35, 25 апрель 2024 Бш

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды — Today.kg

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды. Буга байланыштуу муфтий Замир кары Ракиев көңүл айтканын маалымат кызматы билдирди.

“Бул кабарды терең кайгыруу менен угуп, кабыргам кайышып турат. Чындыгында Кимсанбай ажы эгемендүү өлкөнүн алгачкы муфтийи жана динибиздин бүгүнкү күнгө жетүүсүнө салымы эбегейсиз. Үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин! Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз”, — деген муфтий.

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1990-жылдын сентябрында Бишкекте алгачкы ислам медресесин ачып, 1993-жылы Ислам институтуна айланткан. 1991-жылы ал жетектеген 450 киши биринчи жолу Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылыкка барган. Ошондой эле бир нече медресе, мечиттерди ачууга салым кошкон. 1992-1996-жылдары, 2000-2002-жылдары муфтий кызматын аркалаган.

 

up