13:09, 25 апрель 2024 Бш

Президент: Сабаттуулар берип жиберген жерлерди сабатсыздар кайтарып алып келип жатабыз

17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйынында президент Садыр Жапаров юстиция министри Аяз Баетовго болушуп, депутат Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.

Президент жыйында депутат Мадумаров юстиция министринин дарегине “сабатсыз экенсиз” деп катуу сын айтканын белгиледи.

“министр сабаттуулугу жагынан сизден ашса, ашат бирок кем калбайт. Англис, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт. Эл аралык юридикалык маселелерин чечүүдө, “Кумтөр” кенин алуу иштерине опол тоодой салым кошкон. Түнкү саат үчтө ойготуп, конституцияны, мыйзамды сурасаңыз айтып берет”, — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал “мурда сабаттуулар берип жиберген жерлерди бүгүн, биз сабатсыздар кайтарып алып келип жатабыз. Сабаттуулар кандай иштерди жасаганын көрүп жүрөбүз”, деп кошумчалады.

up