15:33, 28 март 2024 Бш

Төкмө акын Болот Назаров тоноого шектелип кармалды

Төкмө акын Болот Назаров тоноого шектелип кармалды — Today.kg

Москва районунда бирөөнүн жылкысын тартып алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-ноябрь күнү Москва РИИБге Беловодское айылынын 1968-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган.

Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган уулунун минип жүргөн айгырын сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин жаш балага күч колдонуп айгырын минген боюнча окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Москва РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. 9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. (Болот Назаров -  ред.) аттуу жаран экендиги такталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул Болот Назаровдун биринчи кармалышы эмес. 2022-жылдын январында ал иликтөөчү журналист Болот Темиров менен бирге кармалып, бирок ошол эле күнү Назаров үй камагына чыгарылган. Кармалгандар «сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча шектелүүдө.

 

up