02:22, 29 март 2024 Жм

Башкы прокуратура Оштун мэрине карата төрт кылмыш ишин иликтеп жатат

Башкы прокуратура Оштун мэрине карата төрт кылмыш ишин иликтеп жатат — Today.kg

Башкы прокуратура Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө Мамбетовго карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылат.

Кылмыш иши ал Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда козголгон. Бул ишке муниципалитеттин башка кызматкерлеринин дагы катыштыгы болгону кабарланды.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп өткөн жылдын 26-августунда шайланган. Мамбетов өзү бул кызматты ага президент Садыр Жапаров өзү сунуштаганын айткан.

Алмаз Мамбетов 46 жашта, ал Оштун мэри болгонго чейин бир катар мамкызматтарда иштеген. Ошондой эле Балыкчы шаарынын мэри болуп турган.

Ал Балыкчы шаарын жетектеп турганда коомчулукта сөгүнүп-сагынган сөздөрү менен эсте калган. Тагыраак айтканда, 2017-жылы Балыкчынын экс-мэри Сатыбек Шамшудинов менен телефондон уруша кетип, аны «өлөсүң» жана «көтүңдү айрыйм» деп коркуткан. Кийин Мамбетов «Өлтүрүү коркунучу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, эки миң сомдук айыпка жыгылган.

Балыкчыда кызматта турганда анын дагы бир чатакта аты чыккан — анда ал фейсбукта аны сындаган активистке «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп жазган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

up