00:35, 20 апрель 2024 Иш

Атамбаев: Матраимов Жээнбековдун көп былыгын билет

Атамбаев: Матраимов Жээнбековдун көп былыгын билет — Today.kg

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун көп былыгын билет. Ошондуктан, Матраимивдон коркуп жатат.  Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митингде билдирди.

Атамбаевдин айтымында, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Идирис Кадыркуловду «Райым экөөбүздүн былыктарды сактагын» деп атайын кызматтын жетекчилигине дайындаган.

«Бийлик Матраимовду Икрамжан Илмиянов сыктуу камашы керек, же өлтүрүшү зарыл. Икрамдын камалышы боюнча да эч кандай иш жылбай  жатат. Биз тандап камата берсе, карап тургудай кой эмеспиз. Эл да бир жылдан ашык ишенип отурду. Менин айтканымдын баары чын болуп чыгууда», — дейт Атамбаев.

Атамбаев мындан сырткары, мурдагы премьер-минитср Сапар Исаков өлкөнү Жээнбековдордон тазалап, Райымбек Матраимовду кызматтан алганы үчүн камакка алынганын белгиледи.

«Матраимовдор, Келдибековдор таза экен да, ээ? Кулматов менен Исаков күнөөсүз камалып жатат. Менден да күнөө кетти. Күнөөсүз балдар түрмөдө отурганча, жанымды берем», — дейт экс-президент.

Ал буга кошумча, бийликте турганда Раймбек Матраимовдун иштерин билбегенин жана аны менен байланышта болбогонун, Матраимовду бир эле жолу 2010-жылы Курсан Асановдун үйүндө көргөнүн кошумчалады.

Булак: Марал ФМ

up