21:36, 16 апрель 2024 Шш

Кемпир-Абадды берүүгө каршы чыккан келин коомдук иштерге тартылды

Ош облусунда социалдык тармактар аркылуу Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин билдирип жүргөн келин Бузуулар кодексине ылайык жазага тартылат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал «майда бейбаштык» беренеси боюнча коомдук иштерге тартыла турган болгон.

«Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну Каныкей Аранова Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирип мазактаган сөздөрдү айткандыгы үчүн Бузуулар кодексинин 126-беренеси боюнча (майда бейбаштык) протокол түзүлүп соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Өзгөн райондук соту тарабынан Каныкей Арановага карата 30 саатка коомдук ишке тартуу боюнча чечим чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова адам укугун бузуу фактысын териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Ал билдиргендей, Акыйкатчы институтунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкери 14-октябрда Каныкей Аранова менен жолугушкан. Кызматкердин айтымында, 14-октябрда болжол менен саат 11:00до Куршаб — Өзгөн багыты менен бара жаткан унааны бир топ милиция кызматкери тосуп, Аранованы Өзгөн райондук милициясына алып кетишкен.

«Ага карата «бейбаштык» (126-берене) боюнча протокол түзүп, сотко өткөрүшкөн. Үйдө 8 жаштагы кызы жалгыз экенин айтканына милиция кызматкерлери көңүл бурган эмес. Өзгөн райондук сотунун судьясы прокурордун катышуусунда чечим чыгарып, 8 жаштагы кызы бар экендигин эске алуу менен 30 сааттык коомдук жумушка тартуу тууралуу жазага тарткан. Кечке жуук гана Каныкей Аранова үйүнө бошотулган. Ал жалгыз бой эне, багуусунда 8 жаштагы кызы бар», — деп билдирет  Акыйткатчы институтунун Оштогу кызматкери.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү  (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилет деген.

up