16:12, 20 апрель 2024 Иш

NASA Жерди куткаруу үчүн астероиддин багытын өзгөрттү

NASA Жерди куткаруу үчүн астероиддин багытын өзгөрттү — Today.kg

АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) астероиддин Жерге урунуу коркунучунан куткаруу боюнча машыгуу багытындагы миссия ийгиликтүү аяктаганын маалымдады. Бул боюнча агенттиктин басма сөз жыйыны 11-октябрдын кечинде түз көрсөтүлдү.

DART (Double Asteroid Redirection Test) – астероиддердин багытын өзгөртүү боюнча тарыхтагы биринчи долбоор. Анын аппараты былтыр ноябрда Калифорниядагы базадан космоско учурулган.

Ал Жер планетасынан 11 миллион километр алыстыкта учуп келаткан 160 метрлик Диморф астероидине быйыл сентябрдын аягында жетип, сүзгөн. Окумуштуулар андан бери астероиддин багыты өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн изилдеп жатышкан.

Диморф өзүнөн чоң Дидим астероидин айланып учат. Жерден барган спутник сүзгөнгө чейин ал орбитаны 11 саат 55 мүнөттө айланып турган. Эми бул убакыт 11 саат 23 мүнөткө чейин кыскарган.

Процесске байкоо салуу Жердеги обсерваторияларда "Хаббл" жана "Джеймс Уэбб" космостук телескоптору аркылуу жүргүзүлдү. Келечекте ушундай ыкма менен Жерге урунушу ыктымал болгон астероиддердин багытын өзгөртүү пландалууда.

“Бул планетаны коргоодо жана адамзаттын тарыхындагы чоң бурулуш учур болду”, — деди NASA агенттигинин директору Билл Нельсон шейшембидеги брифингде. Миссияга Кошмо Штаттардын бюджетинен 320 миллион доллар кетти.

Диморф астероиди 2003-жылы ачылган. Анын массасы 5 миллион тоннаны түзөт. Астероид мындан 100 жылдан кийин – 2123-жылы Жер планетасына 5,9 миллион чакырым аралыкка жакындап келет.

 

up