21:10, 29 март 2024 Жм

Аида Салянова 48 саатка камакка алынды. 4-июнда анын баш коргоо чарасы каралат

Аида Салянова 48 саатка камакка алынды. 4-июнда анын баш коргоо чарасы каралат — Today.kg

3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалып, кримтөбөл Азис Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кайрадан иликтенип жаткан иштин алкагында сурак берди. Аны алгач ИИМдин имаратында суракка алып, ошол кездеги атайын прокурор менен беттештирип көрсөтмө алышканы маалым болду. Белгилейт кетсек, атайын прокурор буга чейин кармалып, камакка алынган болчу. Андан кийин Салянованы Бишкек ШИИББинин имаратына алып келишти. Ал жактан ага жактоочусу жана Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу тарапташтары кирип чыгышты.

Салянова учурда сыркоолоп жаткандыгына байланыштуу ага жылуу кийимдери жана дарылары киргизилди. Экс-башкы прокурор 48 саатка камакка алынды. 4-июнда түшкө маал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралат.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында Аида Салянованы ошол кездеги атайын прокурор (ред. Майрамбек Акматалиев, учурдагы Нарын облусунун прокурору) жана Башкы прокурордун ошол кездеги орун басары Усманова менен беттештирип суракка алышкан. Экөө тең Аида Саляновага каршы көрсөтмө беришкени маалым болду.

"Атайын прокурор 2 күн УКМКда камакта отуруптур. Ал мен Салянова боюнча көрсөтмө берем деп тергөө менен келишим түзгөн экен. Ал бүгүнкү беттештирүүдө Салянова Батукаев бошотулсун деп буйрук берген деп көрсөтмө берген. Экөөнүн көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбейт. Кимисиники туура экенин тиешелүү органдар аныктап чыгышат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бизге кенен маалымат берилген жок", - деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов белгилегендей, жактоочулар Аида Салянованын кичинекей кызы бар экенин эске алып аны үй камагына чыгарууну соттон сурашмакчы. 

up