08:44, 20 апрель 2024 Иш

Бишкекте Түрк тасмасынын жумалыгы өтөт

Бишкекте Түрк тасмасынын жумалыгы өтөт — Today.kg

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин салымы жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан 6- түрк тасмалары жумалыгынын Кыргызстан саамалыгы 2022-жыл 16-20-июнда Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөрүлөт.

Кино жана басма сөз тармагынан көптөгөн кишилердин катышуусунда 2022- жыл 16-июнда өткөрүлө турган 6-Түрк тасмалары жумалыгынын Кыргызстан саамалыгынын  бет ачары Россия кинотеатрында «Арноо – Ыйык күрөш» тасмасын көрсөтүү менен ишке ашырылат.

Боордош өлкө Кыргызстан менен Түркиянын арасында кинонун күчүнө

негизделген дагы бир көпүрөнү курууну көздөгөн Түрк тасмалары жумалыгында

кесипкөй режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен бирге кино сүйүүчүлөрүнүн

кызыгуусун жараткан популярдуу тасмалары да жалпы көрүүчүлөрдүн назарына

сунулат. Ошондой эле бул мыкты фильмдер аркылуу түрк киносуна сереп салууга

“панорамалык” мүмкүнчүлүк жаратылат.

2022- жылдын 16-20-июнь күндөрүндө өткөрүлүп жаткан «Түрк тасмалары жумалыгы -Бишкек саамалыгында; «Арноо – Ыйык күрөш», «Сүйүү айттырбай келет», «Үнсүз дарак», «Ичимдеги каарман» жана анимациялык «Стамбулдун сакчылары» аттууфильмдер кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу мүмкүнчүлүгү жаратылат. Кыргыз-түрк Манас университетинин

студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында

Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектер жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашырылат.

 

Катышуучулар

Metin  Gündoğdu – АК партия армиясынын орун басары – Жергиликтүү ой коомунун төрагасы

Celan Al – Актер – Дирилиш – Осмон Осмон

Serdar Deniz -  Актер - Арноо

Faysal Soysal – Режиссёр –  Үнсүз дарак

Sinan Sertel – Режиссёр - Ичимдеги каарман

Öner Kılıç – Режиссёр – Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору

 

Көрсөтүлө турган фильмдер:

1. Арноо – Ыйык күрөш

2. Сүйүү айттырбай келет

3. Үнсүз дарак

4. Ичимдеги каарман

5. Стамбулдун сакчылары (анимациялык фильм)

 

 

6. Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек / Прогамма

2022. 16-20- июнь

2022-ж. 16-июнь - Бейшемби

Саат: 19.00 - Пресс-конференция / Коктейль

Саат: 19.30 - Ачылыш сөздөрү

Саат: 20.00 - Фильм көрсөтүү

         “Арноо – Ыйык күрөш”

 

2022-ж. 17-июнь - Жума

Саат: 10.00 - Манас университетинде баарлашуу

Саат: 10.00 - Кыргыз киносунун кесипкөйлөрү менен чогулуш

Саат: 17.00 - Сүйүү айттырбай келет

Саат: 19.00- Үнсүз дарак

 

2022-ж. 18-июнь - Ишемби

Саат: 11.00 - Кыргыз киносунун плато гастролу

Саат: 17.00 - Үнсүз дарак

Саат: 19.00 - Ичимдеги каарман

 

2022-ж. 19-июнь – Жекшемби

Саат: 14.00 - Стамбулдун сакчылары

Саат: 19.00 - Арноо – Ыйык күрө

 

2022-ж. 20-июнь - Дүйшөмбү

Саат: 17.00 - Ичимдеги каарман

Саат: 19.00 - Сүйүү айттырбай келет

 

АРНОО - ЫЙЫК КҮРӨШ

Ыйык күрөш – бул Стамбул түрктөр тарабынан басылып алынгандан кийинки

окуяларды камтыган кызыктуу тасма. Уламышка караганда байыркы заманда Ыйык

китеп салынган сандыктын жашырылган жерин көрсөткөн карта экиге бөлүнүп,

сакталып туруусу үчүн эки урууга берилген экен. Мына ошол экиге бөлүнгөн картанын

биринчи жарымы ак сөөктөрдөн болгон Юлиус уруусунда калат. А экинчи жарымы

болсо «Арналгандардын» колуна берилип, алардын урпактары бул жашыруун сырды эч

кимге билдирбей сактап келишет. Тасмада дал ушул ыйык картанын айланасында болуп өткөн кызыктуу окуялар баяндалат. «Арналгандар» - Стамбул басылып алынгандан кийин Түрктөрдүн колуна өткөн аябай маанилүү бир сырды сактоо үчүн уюштурулган атайын топ. Сырды сактоо үчүн баштарын баталгага коюуга даяр болгон «Арналгандар» айтылуу сырды ачууга аракеттенген кара күчтөргө каршы аёосуз күрөш жүргүзүшөт.

 

Режиссер: Эмир Халилзадех

Актёрлор: Эсра Билгич, Исмаил Филиз, Баки Илхан, Тургай Танүлкү,

 Аслыхан Каралар, Сердар Дениз, Дилек Сербест, Невзат Йылмаз, Женк Кангөз

Сценарий: Баки Илхан

Продюсер: Шенел Илхан

Композитор: Тамер Сүэрдем

Жанры: Экшн

Тартылган жылы: 2022

Убактысы: 122

 

ҮНСҮЗ ДАРАК

Жаш Хаяти, Анадолудагы шаарлардын биринде адабият мугалими болуп иштейт.

Атасы өз жанын кыйган учурда Хаяти 6 жашта болчу. Хаяти эрезеге жетип, чоң киши

болгонго чейин атасынын эмне үчүн өз жанын кыйгандыгынын чыныгы себебин

билбейт. Атасы төңкөрүш учурунда адилетсиздикке кабылып кыйноого дуушар болгон

досуна жардам бере албагандыктан өз жанын кыйган болчу. Атасы тууралуу бүт

чындыкты билгенден кийин Хаяти жашоодон түңүлө баштайт. Ушул учурда үйүндө ар

дайым үстөмдүк кылып өктөмдүгүн көрсөткөн Хаятинин аялы Йешим күйөөсүнүн

психологиялык көйгөйлөрүн шылтоо кылып, үйүн таштап чыгып кетет. Дал ушул учурда шаардын четиндеги көлдөн белгисиз бир аялдын жансыз денеси табылып, коомчулукта Хаятиге карата шек жаралат. Йешим көптөн бери дайынсыз болгондуктан сөөкЙешимдики деген ойду пайда кылат. Хаяти, сөөктүн аялына тиешелүү эмес экенин билсе дагы кылмышты өз мойнуна алат. Хаятинин кылмышты өз мойнуна алганынын

түпкүрүндө атасынын тагдырына окшош тагдырга дуушар болгону жатат.

 

Режиссер: Файсал Сойсал

Актёрлор: Сердар Орчин, Сезин Акбашогуллары, Күбра Кип, Мерт Йавузжан,

 Шебнем Диллигил, Мурат Махмут Йазыжыоглу,

 Рыза Акын, Айдын Орак.

Сценарий: Файсал Сойсал

Продюсер: Файсал Сойсал

Композитор : Пайам Азади

Жанры : Драма

Тартылган жылы : 2021

Убактысы : 118 Мүнөт

 

ИЧИМДЕГИ КААРМАН

Атасы уулу Кахраманды супер баатыр экенине ынандырат. Кырсыктын кесепетинен

улам ажырап калган атасынын өлүмүнө баатыр өзүн күнөөлүүмүн деп сезет. Анан ал

өзүнүн супер күчүн ачып, атасын кайра бул жашоого алып келүүгө ант берет. Арадан

көп жылдар өтсө да Кахраман өзүнүн супер күчүн таба албайт. Өзүнүн супер күчүн издеп жүрүп Табышмактуу Адамга жолугат. Анан ошол адамдын саясында чыгыштын

жомокторундагыдай улуу сапарга аттанат. Ал ушул улуу сапарында көп

кыйынчылыктарга дуушар болуп, азап тартат, көп нерселерден баш тартып, чыгымга

учурайт. Жана ошондой эле ал мурда кийин эч бир супербаатырга жолукпаган

«тагдырга» тушугуп, душмандар менен салгылашат.

 

Режиссер : Синан Сертэл

Актёрлор : Ахмет Мелих Йылмаз, Улви Кахйаоглу, Өйкү Наз Алтай,

 Бениан Дөнмез, Мутталип Мүждежи, Жүнейт Йалаз, Тургай Доган.

Сценарий : Үмит Жихан Жанполат, Мустафа Чифтчи, Синан Сертэл

Продюсер : Халил Кардаш, Тургай Шахин, Мухаммет Гарип

Композитор : Али Саран

Жанры : Фантастикалуу драма

Тартылган жылы : 2021

Убактысы : 84 Мүнөт

 

СҮЙҮҮ АЙТТЫРБАЙ КЕЛЕТ

«Сүйүү айттырбай келет» тасмасы 5 жубайдын бир күндө баштарынан өткөргөн

күлкүлүү окуяларын баяндайт. Ашык болгусу келген каарманыбыздын бул каалоосун

көз жаздымда калтырбаган тагдыр ага сүйүү алып келе турган бири биринен кызыктуу

окуялар тизмегин жаратат.

Бул окуялар тизмегинде бири биринен өзгөчө 5 жубайдын күлкүлүү окуяларына күбө

болобуз. Жана күнүмдүк жашоо турмушубуздагы ар бир кыймыл аракетибиздин башка

бирөөнүн жашоосунда өзгөрүүнүн башаты экендигин, ошондой эле башыбызга кандай

гана кыйынчылык келбесин алардын баары негизинен жакшы нерселердин жышааны

экенин аңдап түшүнөбүз.

 

Режиссер : Эмре Кавук

Актёрлор : Керемжем Дүрүк,Мелис Бабадаг, Жихан Эржан, Нил Кесер,

 Өзгүн Чобан, Жем Зейне Кылыч, Бахар Сүрер, Дениз Ышын,  Гүрген Өз

Сценарий : Эмре Кавук

Продюсер : Жесур Таш – Селчук Алташ

Композитор : Али Саран

Жанры : Романтикалык-Комедия

Тартылган жылы : 2022

Убактысы : 86 Мүнөт

 

СТАМБУЛДУН САКЧЫЛАРЫ

«Стамбулдун сакчылары» – бул акыркы жүз жылдын атактуу сакчылары тууралуу

тартылган тасма. Тасмада тарыхтын агымын өзгөртүүнү ойлогон Гүрген менен Азмини

кыянатчыл пландарын жокко чыгаруу үчүн аракеттенген Стамбул сакчыларынын

окуялары орун алган. Убакыттар арасында саякаттаган Гүрген менен Азми 1920-жылга

барышат. Алардын бул жоруктарынын себеби, 23-Апрелде чогула турган Жыйынга

тоскоол болуп, тарыхтын агымын өзгөртүү болуп эсептелет. Стамбулдун душмандардан куткарылышына тоскоол боло турган бул план Стамбулдун сакчыларынын дагы бир ирет өз мекендеринин алдындагы милдеттерин аткарууларына жол ачат. Гүрген менен Азминин артынан 1920-жылга барган Стамбул Сакчылары окшошпой табышкан эки кыянатчылдын пландарын токтотуу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат.

 

Режиссер : Чагры Жем Байраклы

Сценарий : Гөкхан Карагүлле, Хүсейин Соргун

Аниматорлор : Аяз Нури, Эрен Кара, Хасан Тарами, Омид Поойа, Саид Бахали,

 Ханиани, Вахид Бахали Ханиани, Ибрагим Гүллү, Халил Эфе, Ташкыран

Продюсер : Мүкремин Атмажа, Фарук Бояжыоглу, Фатих Атмажа

Композитор : Бегзад Мотеллеби

Жанры : Укмуштуу окуялар - Анимация

Тартылган жылы : 2021

Убактысы : 60 Мүнөт

up