19:06, 20 апрель 2024 Иш

Бишкекте “Кыргыз тилден кырк сабак” мастер-классы өткөрүлдү

Бишкекте “Кыргыз тилден кырк сабак”  мастер-классы өткөрүлдү — Today.kg

Борбор калаанын №25 орто мектебинде Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Кыргыз тилден кырк сабак” аталыштагы мастер-класс сабагын уюштурду.

Сабакты филология илимдеринин доктору, педагогика илимдеринин кандидаты Үмүт  Култаева өттү.

Мында кыргыз тилди окутуунун методикасы, кыргыз тилинин эрежелери, мамлекеттик тилди окутуудагы этнопедагогиканын орду, учурда көп кездешкен каталар жана башка маселелер каралды.

Иш-чара Бишкек шаарындагы мектеп директорлорунун мамлекеттик тил боюнча орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

up