22:03, 29 марта 2024 Пт

Бишкек троллейбус башкаралыгында ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек троллейбус башкаралыгында ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү — Today.kg

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери өткөрулдү.

Жыйындын катышуучулары ысырапкорчулук боюнча суроолорун берип, сунуштарын айтышты.

Мындан тышкары, имам Идирис Акунов айдоочулардан  жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылып, өздөрүнө этият болуусун өтүндү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Бул Жарлыктын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.

up