18:42, 29 март 2024 Жм

Жаракат алган Айсулууну Казакстандан келген спортчу көтөрүп жүрөт (видео)

Социалдык тармакта Азия чемпионатында Казакстандан келген спортчу Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп жүргөн видео пайда болду.

Эске салсак, 22-апрелде Тыныбекова Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду. Акыркы беттеште ал жаракат алып, күрөштү аягына чыгара алган жок.

Финалда ал жапон кызы Нонока Озаки менен бет келип, 9:1 эсебинде жеңилип калды. Ага Айсулуунун бутунан алган жаракаты себеп болуп, беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болушкан.

Айта кетсек, башка салмактагы балбан кыздар айлампалык система менен, ал эми 62 кг салмактагы балбан кыздар олимпиадалык система менен күрөштү.

up