14:41, 25 апрель 2024 Бш

Ноокатта жол боюндагы үйлөр бузулууда

Ноокатта жолдун кызыл сызыгынан сыртка чыгып кеткен жеке менчик үйлөрдү, дүкөндөрдү, тамактануучу жайларды бузуу иштери башталды. Район акими Данир Иманалиев бул Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат аймагынан өткөн 47 чакырым аралыгын оңдоо иштерине даярдык экенин “Азаттыкка” билдирди.

“Учурда жол боюна жакын, кызыл сызыкта 62 үй бар. Биз алардын баарын карап чыгып, жолдун курулуш иштерине даярдык көрүү максатында кызыл сызыкка кирип калгандарын бузуп жатабыз”, - деди Иманалиев.

Бузуу иштери Ноокат шаарында, Т. Зулпуев жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн аймактарында 23-апрелде башталды. "Азаттык" азырынча турак-жай ээлеринин пикирлерин уга алган жок.

Акимдин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат аймагындагы бөлүгүн оңдоо үчүн Транспорт министрлиги тендер өткөргөн. Аны жапониялык JICA уюму уткан. Учурда оңдоо иштеринин долбоору түзүлүүдө.

Жарандар Ноокаттагы бул жолдун абалын Кыргызстандагы эң начар жолдордун бири катары сындап келишет.  

up