22:20, 25 апрель 2024 Бш

Арзыбек Кожошев казакстандык кесиптеши менен «Ак-Тилек» постунда жолугушту

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары Бахыт Султановдун жолугушуусу өттү.

Алар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушканы айтылды.

Мындан тышкары, «Ак-Тилек» — «Карасу» өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

29-апрелде казак премьер-министри Алихан Смаилов Бишкекте өтө турган кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышуу үчүн келери кабарланды. Тараптар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасалуучу расмий сапарына карата даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

up