22:30, 28 март 2024 Бш

Арзыгүлдүн өлүмүнө шектүү блогердин камалышына кимдер кызыкдар?

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып жаткан блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы 21-апрелде Ош шаардык сотунда каралды. Анда жактоочунун үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылып, блогер 26-майга чейин камакта калтырылды.

Батмакан Жолболдуева ушул жылдын 28-мартында журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып, камакка алынган. Блогер Баткендеги убактылуу кармоочу жайда отурган кезде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, бул кадамын камактагы кысымга байланыштырган.

Мындан кийин блогердин иши Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Ош шаардык сотунда өткөн отурумдан кийин тергөө иштерине блогерди катыштырбай жатканын, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

“Камакка алгандан баштап азыркы күнгө чейин эч кандай тергөө аракеттери жүргөн эмес. Мындай учурда сот баш коргоо чарасын өзгөртсө болот. Бирок бүгүнкү сот ал норманы колдонгон жок. Жолболдуевага карата бөгөт чарасын камак түрүндө гана узартып койду. Биз буга байланыштуу Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанабыз”.

Адвокаттын белгилешинче, тергөөчү Жолболдуеваны камакта калтыруу өтүнүч келтирип, бирок аны мыйзам талабына ылайык түшүндүрүп бере алган эмес.

Адвокаттын сөзүнөн кийин сотко катышкан Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Сыргак Чыбышовдун пикирин билүү үчүн микрофон сундук. Бирок ал маалымат берүүдөн баш тартты.

Жолболдуевага козголгон ишке юристтин баасы

Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып жаткан Батмакан Жолболдуевага Кылмыш-жаза кодексинин 127- (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190-(“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379-берене (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-(“Бейбаштык”) беренелеринин негизинде төрт кылмыш иши козголгон.

Көз карандысыз юрист Клара Сооронкулова блогерге бул беренелер менен кылмыш иштерин козголушун "абсурд" деп атады.

“Кандай кылмыш болбосун ал жерде сөзсүз түрдө аракет болуш керек. “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен көбүнчө туура эмес дарылап же туура эмес операция жасап, кокустуктан улам киши өлтүрүп алган медиктер соттолот. Батмаканга бул беренени чаптоо жөн эле шылтоо болуп жатат. Журналисттин өлүмүн бетке кармап Батмакандан өч алып, анын оозун жабуу үчүн атайын уюштурулган иш экендиги көрүнүп турат. Бүт укук коргоо органдары бул кызга каршы иштеп жаткандай. Биз блогердин Баткенде мафия болуп алгандардын артынан сая түшүп, ыплас иштеринин бетин ачып, коомчулукка маалымат берип турганын жакшы билебиз. Ага карата убактылуу кармоочу жайда болгон мамилени кыйноо деп атасак да болот. Анткени туугандары алып келген тамакты киргизбей коюшуптур. Психологиялык жактан басмырлоо күч алганда өзүнө кол салууга аргасыз болгонун айтпадыбы”.

Сооронкулова “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси кылмыштын оор эмес түрүнө кире турганын, андай учурда берене адамды камакка алуу үчүн иштебей турганын белгиледи.

Журналист каза тапканга чейин кафеде жергиликтүү чиновниктер менен отурган учурда Жолболдуеванын видеосуна түшүп калган. Мындан улам ага “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Юрист бул берене менен иш ачуу дагы орунсуз экенин, анткени блогер бирөөнүн үйүнө кирбегенине, кафе коомдук жай экенине токтолду.

"Арзыгүлдүн өлүмүнө тиешем жок"

Батмакан Жолболдуева журналист каза болгондон бери эле күнөөсүз экенин айтып келет. Ал бул сөзүн сотто бөгөт чарасы каралып жатканда да кайталады.

"Арзуу эже өлгөндө башка жакта жүргөм. Мыйзам мага эле иштеп жаткандай. Себеби ошол күнү мага карата бардык кылмыш иштери бир учурда козголуп жатат. Мен өзүм токмок жегем. Ага карабай “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп коюшту", - деди ал.

Жолболдуева “токмок жегем” деп айтып жаткан иш ушул жылы февраль айында болгон. Анда ал президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүнө барганда аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алып, Ураимов болсо дооматты четке каккан болчу.

Биз макала даярдалып жатканда президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов менен байланыштык. Бирок ал тергөө бүткүчө бул иш тууралуу эч кандай комментарий бербей турганын билдирди.

Маркум журналист Арзыгүлдүн бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова сиңдисинин өлүмүнө Батмакан Жолболдуеваны күнөөлүү деп айтуудан карманууда. Ал өлүмдүн себеби табышмак болуп жатканын белгиледи.

“Сиңдимди Батма өлтүрдү деп айта албайм. Бизге да табышмак болуп жатат. Чындык, акыйкаттык издейм. Ким күнөөлүү болсо жазасын алсын. Сиңдим өлөрдөн бир жарым саат мурда мага вотсап аркылуу үн жөнөткөн. Астмасы кармаган деген сөздөр болуп жатат. Мен медикмин, андай болсо үн жибергенде деми кысылып жатканы билинмек. Же “эже ооруканадамын” деп айтмак. Айтор, такыр түшүнүксүз болуп калды. Түндө саат 12де “тез келиңиз, сиңдиңиздин абалы оор” деп чалышты. Он мүнөттүн ичинде ооруканага жетип барсам, үзүлүп кетиптир. Сиңдимдин өлүмү тууралуу көп версиялар айтылып жатат. Кандай укол сайылганы, эмне болгону биз үчүн да табышмак”.

Батманын камалышы өч алуубу же сөз эркиндигине чабуулбу?

Арзыгүл Галымбетова каза болгондо Жолболдуева менен кошо баткендик активист Роза Маманованын да аты аталган. Бирок ал дароо күнөөсүз экенин айтып чыгып, акыйкатчыга кайрылган.

Маманова Галымбетованын өлүмү блогерге жана өзүнө мурдатан тиш кайрап жүргөн айрым кызмат адамдарына өч алуу үчүн шылтоо болгонун айтууда.

“Галымбетованын түндө губернатор менен чай ичип отурганын ашкере кылгандан кийин булар Батма экөөбүзгө каршы иштей баштады. Жергиликтүү бийликтегилер биздин оозубузду жабуу үчүн буга чейин эле илинчек издеп жүргөн. Арзуунун өлүмүн бизди камап, жок кылуу үчүн курал кылып колдонуп жатышат. Бул окуядан кийин милиция кызматкерлери үйүмө жөөлөп кирип ар кандай басым көрсөтүштү. Өзүмдү коргоп калуу үчүн коомчулукка Фейсбук аркылуу билдирүү жазууга аргасыз болдум. Кыргызстанда кадр маселесин чечип жаткан Арзыбек Бурхановдун бир тууган иниси Нурлан Бурханов полковник болгонун жууп отурган учурда анын жанында Баткен шаардык, райондук милиция бөлүмдөрүнүн башчылары болгон. Батма алардын жылкы союп, майрамдап отурганын тартканы үчүн ага өчөшүп калышкан. Ушул эле Бурхановдордун бир тууганы Имамназар Бурханов Баткен шаарынын мэри. Булар баары Батмага өчөшүп калышкан болчу”.

Бирок Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов өзүнө жана бир туугандары тууралуу Маманованын айткандарын четке какты.

“Биздин блогер Батмакан Жолболдуеванын камалышына тиешебиз жок. Ар кимибиз өз ишибиз менен алекпиз. Мен ал кызды (Жолболдуева-ред.) таанычумун. Шаардагы мөөнөтү өткөн товарларды видеого тартып жүрчү. Анын видеолоруна реакция кылып, мөөнөтү өткөн товар саткандарга чара көрүп эле иштеп келгенбиз”, - деди ал.

Анткен менен юрист Клара Сооронкулова Баткендеги бул окуяга сөз эркиндигин муунтуу, журналисттердин жүрөк үшүн алуу катары баа берди.

“Биз күнүгө социалдык тармактар аркылуу ким менен гана урушуп, ким менен гана сөз талашпайбыз. Мени деле каралап, каргап жаткандар толтура. Кокус мен бирдеме болуп калсам, анда менин өлүмүмө ошол терс комментарий жазгандын баарын күнөөлөп салышабы? Эртең журналисттик иликтөө жасаган адамдын каарманы оорудан же кырсыктан каза болуп калса, анда журналисттерди жоопко тартып, камайбы? Булар ошентип үлгү көрсөтүп, кооптуу прецедент түзүп жатышпайбы”.

Ал эми медиа эксперт Азамат Тынаев Баткен мурдатан эле социалдык көйгөйлөрү көп облус экенин, аны жергиликтүү журналисттер жетиштүү чагылдырбаганы үчүн эл арасынан блогерлер чыгып жатканына токтолду.

“Жергиликтүү журналисттер өз миссиясын аткара албай жатканы үчүн эл арасынан аргасыз ушундай блогерлер чыгып жатса керек. Баткенде көйгөй чачтан көп. Качантан бери чечилбей келет. Чек ара, аткезчилик, миграция маселеси курч. Ошондуктан эл арасынан чыккан активисттер колунан келишинче аткаминерлердин артынан түшүп, алардын өз милдетин эскертип турбаса, мындай ишти ким кылат? Мен билгенден камалган блогер ушул сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып жүргөн”.

Маркум Арзыгүл Галымбетова Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач "Манас жаңырыгы" телеканалында, кийин "КТР-Обо" гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана "Турмуш" сайтында (Akipress) эмгектенип келген. Кесиптештери аны чек ара маселесин жеринен чагылдырган журналист катары таанылганын белгилешет.

49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева болсо Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерүү учурундагы видеолорун жарыялап турган. Мындан сырткары ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген.

Булак: Azattyk

up