04:14, 29 март 2024 Жм

Жамгыр, мөндүр жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Жамгыр, мөндүр жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты — Today.kg

20-25-апрелде Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.20-21 жана 24-апрелде күндүз, ошондой эле 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кээ бир аймактарда мөндүр жаайт.

Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 

up