07:43, 29 март 2024 Жм

Атамбаев кезектеги сот отурумуна катышуудан баш тартты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 19-апрелде Биринчи Май райондук сотундагы отурумга жеткирилип, бирок ага катышуудан баш тартты. Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин ден соолугун жүйө келтирип, судьядан отурумду ансыз өткөрүүнү өтүндү. Бирок судья Мирлан Термечиков жактоочунун бул өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Атамбаев судьянын мындай чечимине баш ийбей турганын айтып, залдан чыгып кетти. Судья ал сотко баш ийбегендиги үчүн залдан чыгарылганын билдирди.

Бүгүн Атамбаев айыпталып жаткан бир нече иштин арасынан түркиялык Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алышы жана Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча иштер каралмак.

Жарандык маселесине байланыштуу айрым купуя маалыматтар жашыруун режимде каралып, андан кийин отурум ачык уланды. Бирок жактоочу Слесаревдин ден соолугуна байланыштуу өтүнүчүнөн улам бүгүн териштирүү болгон жок жана кийинки отурум 26-апрелге дайындалды.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

“Кой-Таш иши” боюнча буга чейинки бир нече отурумда Атамбаев тосмону тепкилеп, тоскоолдук жараткандыктан сот залынан чыгарылган.  

 

up