15:54, 20 апрель 2024 Иш

Улуттук банк валюта рыногунда жасалма доллар көбөйгөнүн билдирди

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкноттору көбөйүп жатканына байланыштуу билдирүү таратып, калкты акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырды.

Маалыматта чет өлкөнүн валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл экени белгиленген.

"Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экенине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөнү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш".

Жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу үчүн да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык иш козголо турганын Улуттук банк эскертет.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертизаны Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы жүргүзөт.

Улуттук банк акыркы учурда жасалма долларга байланыштуу канча учур катталганын айткан эмес.   

up