03:52, 20 апрель 2024 Иш

Кыргыз-казак чек арасында 20 килограммдан ашык баңгизат кармалды

Кыргыз-казак чек арасында баңгизаттын ири партиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Баңгизат 9-апрелде "Кең-Булуң автожол" көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын 1984-жылы туулган С.Ж., аттуу жараны башкарган DAF XF510 үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, баңгизаттын жалпы салмагы 23 килограмм 500 граммды түзөт. Баңгизат жана кармалган айдоочу тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Буга чейин 4-апрелде Ошто мыйзамсыз маңзат соодасына байланыштуу милиция кызматкерлери кармалган бир күндө эки окуя катталган.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 10 интернет дүкөнүнүн уюштуруучуларын кармап, 19 дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген.

 

up